• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

26-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 26-майда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын облустарында +13…18 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +25…+27 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий