• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Этностор аралык ынтымакты бекемдөө концепциясы өз убагында түзүлгөн - Мамытов

Аналитика 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын ишмердиги, этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана келечек пландар тууралуу “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда бул Ассамблеянын төрагасы Токон Мамытов айтып берди.

- Этностор аралык ынтымакты бекемдөө максатында Ассамблея учурда кандай иш чараларды өткөрүүдө?

- Кыргызстан элдеринин Ассамлеясы министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, элчиликтер менен биргеликте көптөгөн иш чараларды өткөрүүдө. Бул республикада жашаган тигил же бул этноско арналган спорттук иш чаралар, илимий-практикалык конференциялар, музыкалык жана чыгармачыл кечелер. Ошондой эле балдардын ыр, бий чыгармачыл кечелерин өткөрөбүз. Башкача айтканда, Кыргызстан элдеринин Ассамлеясы кеңири тармактардагы иш чараларды өткөрөт.

Бардык иш чаралар этностор аралык ынтымакка, толенранттуулукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган. Мунун баары этностор аралык биримдикти бекемдөө концепциясында, ошондой эле, Кыргызстанда 2017-жылды Адеп, ыйман жана маданият жылы катары белгилөө тууралуу жарлыкты аткаруунун алкагында каралган.

- Аймактар боюнча кандай?

- Биздин аймактык өкүлчүлүктөр бар. Аларда Ассамблея гана эмес, жергиликтүү бийлик органдары, райондук администрациялар, айылдык кеңештер өз милдеттерин аткаруунун алкагында жогоркудай иш чараларды өткөрүшөт.

- Кыргызстандагы учурдагы этностор аралык жагдай кандай?

- Менимче, кооптонууларга негиз жок. Эл кандайдыр бир трагедиялуу окуяларга жол бербейт. Кыргызстандын аймагында жашаган бардык этностун өкүлдөрү Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдар жана мында биз этникалык коомчулуктардан көз каранды болгон бардык аракеттерди жасайбыз.

- Концепция ким тарабынан иштелип чыккан?

- 2011-жылы Жогорку Кеңеш демилгелеп, кийин 2012-жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө жана башка министрликтер менен ведомстволорго концепцияны иштеп чыгуу тапшырылган. Кийин президенттин жарлыгы менен тиешелүү комиссия түзүлүп, 2013-жылы этностор аралык ынтымакты бекемдөө концепциясы президенттин жарлыгы менен бекитилген.

- Концепцияга кандай баа бересиз?

- 2010-жылдагы каргашалуу окуялардын кесепеттеринин жоюлушу, кайталанууга жол берилбеши; бүгүнкү күнү курч карама-каршылыктардын жоктугу – бул концепция өз убагында, талапка ылайык түзүлгөнүн жана Кыргыз Республикасында жашаган бардык этникалык коомчулуктардын кызыкчылыктарын чагылдыра тургандыгын билдирет.

- Быйылкы жылы кандай иш чараларды өткөрүүнү пландап жатасыздар?

- Иш чаралар абдан көп. Булар - этникалык коомчулуктарга арналган илимий-практикалык конференциялар.

- Учурда эмне иштер аткарылууда?

- Биз бир нече иш чараларды өткөрдүк - бул жаштар терроризм жана экстремизмге каршы иш чарасы. Ошондой эле, “Биз - кыргызстандыктар” илимий-практикалык конференциясы, Кыргызстанда жашаган этностук бирикмелерге арналган. Мындан тышкары, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы спартакиада өткөрдү.

Ошондой эле, тигил же бул этностордун каада-салттарына арналган иш чаралар өттү. Тактап айтканда, бизде ар тараптуу иш чаралар өтөт. Ошондуктан, министрлик, ведомстволорду жана жергиликтүү бийлик органдарын гана эмес, эл аралык уюмдарды, айрым мамлекеттердин элчиликтерин чакырабыз. Учурда А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана менен иштешип жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланыштабыз. Ошондуктан, этностор аралык ынтымакты бекемдөөдө, КРда туруктуулукту камсыздоодо калктын бардык катмарынан, бардык мамлекеттик органдардын жана түзүмдөрдүн, анын ичинде коммерциялык эмес, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн колдоосун табып келебиз.

Бул өңүттөн алганда, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы өз ишмердигин кеңири чөйрөгө алып чыга алды.

Диндер аралык ынтымак жана этностор аралык биримдик боюнча абдан көп иш чараларды өткөрөбүз. Себеби бул Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын ишмердигинин негизги багыты. Бул багытта колдоосу үчүн эл аралык уюмдарга, жергиликтүү бийлик органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго, дипломатиялык корпуска, республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарына, айрыкча жаштар уюмдарына ыраазычылык билдирем. Кечээ жакында эле Бишкек жана Балыкчыда “Кыргызстандын жаштары экстремизмге жана терроризмге каршы” чакырыгынын алдында иш чара өттү.

Учурда ушундай эле иш чараларды республиканын түштүгүндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул биздин Ассамблеянын жана ага кирген этникалык коомчулуктардын өлкөдө туруктуулукту бекемдөөгө кошкон салымы.

Маектешкен Мирлан Киизбаев

Пикир

Оставить комментарий