• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евразиялык турукташтыруу фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий