• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан эки күндүк иш сапары менен бүгүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Европа кеңешинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Буриан эртең, 19-ноябрда Бишкекте өтө турган «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аталыштагы форумуна катышат.

Визиттин алкагында Буриан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери жана президенттик аппараттын өкүлдөрү менен жолугат.

Андан тышкары, расмий жолугушуунун алкагында Буриан жергиликтүү жарандык коомдук өкүлдөрү менен да жолугушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий