• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Сербиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сербия Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри И.Дачич менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

COVID-19 пандемиясына байланышкан маселелер, атап айтканда, коомдук саламаттыкты коргоо жана коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе козголду.

Министрлер түрдүү деңгээлдерде эки тараптуу саясий кызматташууну активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү пикирге макул болушту, алдыда боло турган иш-чаралар менен сапарлардын графигин карап чыгышты, 2020-жылы ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүү мүмкүндүгүн талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташууну арттыруу жана келишимдик-укуктук базаны толуктоо маселелерине министрлер өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча дагы пикир алмашылды.

Пикир

Оставить комментарий