• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

FLEX программасына катышкан кыргызстандык окуучулардын санын көбөйтүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кечээ, 5-августта Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча улуу вице-президенти Майкл Кёртис менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык тарап Кыргызстанда Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Элчи Б.Аманбаев FLEX программасына катышкан кыргызстандык окуучулардын санын көбөйтүү жана айылдык окуучуларга англис тилин терең үйрөтүү боюнча долбоордун санын арттыруу боюнча сунуштарын ортого салды.

Ошондой эле Б.Аманбаев учурда Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселелердин бири өлкө экономикасын көтөрүү экендигин баса белгилеп, ал үчүн өлкөбүз учурда айыл чарба, энергетика, туризм, тоо кен иштетүү жана IT тармактары боюнча адистерге аябай муктаж экендигин, ал эми аларга колдоо көрсөтүү баштапкы маселе экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий