• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Forbes: Кыргызстан ат менен сейилдөөгө эң мыкты беш өлкөнүн катарына кирди

Коом 0

Бишкек. 28.02.19 /Кабар/. Америкалык Forbes журналы ат минип сейилдегенге мыкты өлкөлөрдүн тизмесин түздү. Бул тизмеге кирген беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи. Рейтинг туристтер менен блоггерлердин пикиринин негизинде түзүлгөн.

Макалынын автору Рана Гуддун (Rana Good) пикиринде, чыныгы саякат унаа жолу бүтүп, өлкөнүн тоолорун, талааларын, токойлорун кыдырганда башталат. Ал эми ат минип сейилдөө сиз барган өлкөнүн уникалдуу жерлерин көрүп, жаратылыштын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк берет.

- Кыргызстан чындыгында эле ат үстүндө аймакты кыдырып көрүүнү каалаган чабандестерге арналган. Аталган саякатта сиз өзгөчө кооз ашууларды (мурдагы Жибек-Жолу) изилдеген Марко Полодой болосуз. Алгачкы сапарыңыз Бишкек шаарынан башталып, андан ары Ысык-Көл облусундагы Жууку ашуусу, Кумтөр капчыгайы жана Үч-Кошкон кыштакчасына чейин уланышы мүмкүн. Жолдон көптөгөн жапайы жаныбарларды көрүүгө мүмкүн. Ал жактан боз үй, чатырарда түнөйсүз, ошондуктан өзгөчө эс алууга даяр болуңуз, – деп жазат автор.

Рейтингде биринчи орунду Каллифорниядагы Алисал района алган, экинчи орунда Ямайка турат. Төртүнчү жана бешинчи орунду Аргентина менен Исландия ээледи.

Пикир

Оставить комментарий