• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж - Президенттин төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

Президент 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Бул кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында Мамлекет башчысы баяндама жасады. Кеңештин мүчөлөрү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча өлкөнүн Өкмөтү көрүп жаткан чараларды, 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий