• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — ШКУ өлкө башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйыны

Президент 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин (МБК) Россия Федерациясынын төрагалыгы астында видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына он эки мамлекеттин лидерлери, анын ичинде ШКУга мүчө-мамлекеттер: Россия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы жана ШКУ Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору катышты.

Байкоочу мамлекеттердин атынан Афганстан, Иран жана Монголиянын башчылары жана Беларусь премьер-министри катышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде: саясат, экономика, коопсуздук жаатында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү, анын ичинде биринчи кезектеги көйгөй болгон жаңы коронавирус инфекциясынын глобалдык саясий жана социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында ШКУнун алкагында мындан ары өз ара кызматташуу маселелери каралды.

Мындан сырткары, эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер, ошондой эле жалпы ШКУнун аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

ШКУ МБКнын отурумунун жүрүшүндө 16 корутунду документ, атап айтканда, ШКУ МБКнын 9 чечими жана 6 билдирүүсү кабыл алынды.

Ошондой эле ШКУ МБКнын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Москва декларациясына кол коюлду, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин негизги позициялары, демилгелери жана ниеттери чагылдырылган. Өзгөчө өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында, тактап айтканда, коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу жаатында жана эл аралык алмашуу боюнча маселелер белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий