• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров көп улуттуу афган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында мамлекет башчысы бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Дүйнөдөгү жагдай тездик менен алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан чакырык жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Афганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө граждандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал», — деди ал.

Мамлекет башчысы аталган чакырык жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга чакырды.

Мында КМШ болуп жаткан процесстерге позитивдүү таасир этүү жана регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанганына көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров КМШ эгида алдында Афганстан элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, мындай акция КМШнын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий