• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абадда коомдук ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кыргыз элинин белгилүү чыгаан уулу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдыгына арналган облустук деңгээлдеги иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Төрөгелди Балтагуловдун жакындары катышты.

Иш-чара Балтагуловдун басып өткөн жолу, мамлекет үчүн кошкон салымын даңазалоо максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий