• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы Шакиров көчөсү 4 айга жабылат

Аймак 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. 13-июлдан тарта Ош шаарынын Шакиров (Гагарин) көчөсү 4 айга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4 ай ичинде Шакиров көчөсү толугу менен оңдолмокчу.

"Узундугу 2 км 400 метр жол асфальтталып, жол 20 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашылдандыруу максатында дарактар эгилет. Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат", - деп айтылат маалыматта.

Нет описания фото.

Пикир

Оставить комментарий