• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана КР билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Ардактуу агай-эжейлер!

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

«Мугалим» деген ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукерлик сезимдерге бөлөнүп, мээримин чача билген инсандар гана көтөрө алат.

Мына ошондуктан кайсы гана коом болбосун, жогорку адеп-ахлакты, маданияттуулукту жана терең билимди алып жүрүүчү катары Мугалимге өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишет. Анткени алар бүт өмүрүн, бар күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар. Мындай ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип ээлерин – сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекетибизде өз ишине берилип иштеген мугалимдерибиз арбын. Алардын педагогикалык чеберчилиги менен жаш муундардын көп кырдуу таланты ачылып, республикабызда билим берүү потенциалы өсүүнүн үстүндө. Акыркы жылдары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучуларыбыздын саны өсүп баратканы кубандырбай койбойт.

Өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани беришибиз кажет. Ошол эле маалда дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болушу зарыл.

Демилгелүү, чыгармачыл, жаңы жетишкендиктерди өздөштүрө билген муундун өсүп келатканын эске алуу менен бүгүнкү күндө мугалимдерибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү дайыма өркүндөтүп-өстүрүп турушу керек.

Мына ушундай шартта мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Элибизди ар тараптан агартууда жаштардын мыкты кесиптин ээси болуп чыгуусуна пайдубал түптөө, анын натыйжасында мамлекетибизди өнүктүрүү дал ушул ардактуу мугалимдердин талыкпаган эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу.

Урматтуу улуу кесипти аркалаган агай-эжейлер, мээнеттүү ишиңиздердин акыбети кайтсын, албан-албан ийгиликтер, кубанычтуу жетишкендиктер коштосун.

Биз сиздер менен бирге келечегибиз болгон жаштарга таалим-тарбия, билим берүүдөгү бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңээрибизге бекем ишенем.

Тыным албай изденип, кесипкөйлүктү арттырууга умтула бериңиздер!

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачыл ийгилик, жаратмандык каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий