• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу айыл чарба кызматкерлери, фермерлер жана дыйкандар!

Сиздерди, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкенден бери айыл чарба тармагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Өлкөдө жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформанын негизинде айыл чарба багытындагы жерлер жеке менчикке берилип, колхоз-совхоздор таркатылып, рынок экономикасына өттүк.

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине кошулганы айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлдү. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, ашыкча айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууга ыңгайлуу жол ачылды.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Президенттин региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыгы айыл жерлерин өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт.

Учурда мамлекеттин жана донорлордун каражаттарынын негизинде айыл чарба тармагында ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлор айыл калкынын турмушун жакшыртууга багытталган. Мамлекет мындан ары дагы дыйкандарды жана фермерлерди — айылдык товар өндүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоосун улантат.

Мээнеткеч дыйкандарыбыз жана фермерлерибиз ак эмгеги, кажыбас кайраты менен өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө мындан ары дагы татыктуу салым кошот деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Өрүшүңөр малга, кырманыңар данга, дасторконуңар нанга толсун!»

Пикир

Оставить комментарий