• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым

Президент 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппарытынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар.

Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим.

Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда.

Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды.

Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат.

Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет.

Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү.

Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун.

Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт.

Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам.

Элдин тынчтыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле.

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Пикир

Оставить комментарий