• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөгө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкекте бүгүн, 29-декабрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилет баасын алган, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ордун белгиледи.

Ал баса белгилегендей, бүгүнкү сыйлык ээлери эмгекке берилгендиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен өлкөнүн өнүгүшүнө, жалпы интеллигенциянын калыптанышына зор салым кошуп жатышат.

Президент Садыр Жапаров чогулгандардын баарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, залда отурган ар тармактын усталары, өз өлкөсүнүн мекенчилдери өлкөбүз үчүн болгон билимин, тажрыйбасын аяшкан жок, деп баса белгиледи. Алар жамы журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычы, тиреги болуп саналат.

Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий