• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол боюнча ДЧ-2018: “Агрессивдүү” күйөрмандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 өткөрүү маалында “агрессивдүү” күйөрмандарга кирүүгө тыюу салынат. Тизме “ИНТЕРПОЛ” тарабынан берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү билдиришти.

Маммиграция кызматы РФнын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен аталган тизмеде кыргызстандыктар жок экендигин маалымдайт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлга чейин Россияда коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартип киргизилген.

“Москва шаарында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан КР жарандары тарабынан жашаган жери боюнча рейд тууралуу кайрылуулар жана РФ полиция кызматкерлери тарабынан кармап кетүүлөр боюнча массалык телефон чалуулар түшкөн эмес. Метро станцияларында жана темир жол бекеттериндеги аялдамаларга абал мурдагы бойдон калууда, аталган жерлерде полиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөн жок”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий