• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги социалдык мончо 1-сентябрда ачылат

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги социалдык мончону 1-сентябрда ачуу пландалууда. Бул тууралуу калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Ленин районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Калаа башчысы белгилегендей, анда жеке мончолордогудай эле бардык шарттар каралган - жер астындагы паркинг, майыптыгы бар адамдар үчүн шарттар, бассейн, кафе, балдар комплекси.

"Айрымдар Жибек Жолу проспектисиндеги мончону атайылап банкрот кылып, жеке адамдарга сатканыбызды айтып чыгышкан. Бирок, биз ошол эле жерге социалдык мончо куруп жатабыз. Мончону 1-сентябрда ачууну пландоодобуз. Мончо социалдык деп аталат, бирок андагы шарттар баасы 1000 сом болгон коммерциялык мончолордон жогору болот. Ошол эле учурда мончо кызматынын баасы 200 сомдун тегергинде болмокчу”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий