• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Манас” аэропорту: «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамы 12-июндан тарта күнүнө эки жолу жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 12-июнунан тарта «Бишкек-Ош-Бишкек» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдары күнүнө эки жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттамдарды «Тез Жет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат.

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу):

- Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
- Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуусу керек.

Бардык жүргүнчүлөрдөн сунушталган сактык чараларды ынанымдуу сактоолорун өтүнөбүз. Эскертебиз, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат берилет, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.

Пикир

Оставить комментарий