• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 3-10-декабрь күндөрү калкка укуктук жардам көрсөтүү декадасы болуп өттү. Аны КРнын юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор өткөргөн. Ал иш-чара тууралуу юстиция министрлиги алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда айтып берди.

Ал билдиргендей, жарандар негизинен мураскорлук боюнча - 220, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу – 670, үй-бүлө укугу – 1459, эмгек укугу – 569, кылмыш-жаза укугу – 15, административдик мыйзам бузуулар – 19, жер маселеси – 508 жана турак маселеси – 250, социалдык коргоо – 1678, паспорт жана кимдигин күбөлөндүргөн документтер боюнча 165 жана башка маселелер боюнча кайрылышкан.

“Жумалыктын алкагында өлкө боюнча аймактык адилет башкармалыктарынын акысыз юридикалык жардам берүү борборлорунан 1291 киши, мамлекеттик нотариалдык мекемелерден 780 киши акысыз укуктук-кеңештик жардам алышкан. Мындан тышкары, кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча координаторлор (КМЮЖ) 366 жаранга, анын (КМЮЖ) тизмесине киргизилген адвокаттар 344 жаранга, укуктук жардам көрсөтүү боюнча айрым коммерциялык эмес уюмдар 32 жаранга жардам беришкен”, - деди Калбеков.

Ошондой эле ал элге акысыз юридикалык жарда көрсөтүү боюнча акциялар борборубуздун соода борборлорунда жана аймактарда болгонун белгиледи.

“Бул иш-чаранын максаты юридикалык жардамдан сырткары “Мамлекелет кепилдик кылган юридикалык жардам тууралуу” мыйзамы жөнүндө жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлор тууралуу маалымат берүү болгон. Ири маалыматтык-түшүндүрүүчү үгүт-насаат иштерин өткөрүү максатында 18 ири окуу жайда лекциялар өткөрүлдү”, - деп кошумчалады ал.

Анын пикири боюнча жумалыктын башкы максаты калктын аяр катмарына укуктары менен тааныштыруу, юридикалык жардам берүү, жарандардын сот акыйкаттыгына жетүүсүн камсыздоо, укуктарынын, эркиндик жана мыйзамдык кызыкчылтарынын орундалышына жардам берүү болду.

“Акцияны өткөрүүдө көмөк кылган өнөктөштөргө ыраазычылык айткым келет. Бул жумалык Финляндиянын ТИМнин, БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлору, USAIDдин биргелешип башкаруу программасынын, Европалык биримдиктин GIZ Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому жана “Сорос-Кыргызстан” ишке ашырган “КРдагы мыйзмадын үстөмдүгү 2-фаза” программасынын колдоосу менен өттү”, - деди Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий