• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-ноябрында өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу чечим 9-сентябрда КР Мамлекеттик катчысы — Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн Биринчи Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынды.

Жыйынга Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Уюштуруу комитетинин отурумунда Биринчи Элдик Курултайды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чараларынын Календардык жана өткөрүүнүн Иш-чаралар планы, ошондой эле республиканын аймагындагы айыл аймактарынан, шаарлардан, чет ѳлкѳлѳрдѳгү эмгек миграттарынан, конфессиялык коомчулуктардан делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалары бекитилди.

Маалым болгондой, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү 2 этапта ишке ашырылат.

Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен Элдик Курултайдын өтүүсү камсыздалат.

Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселелери жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.

Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды чакырат.

Жергиликтүү курултайга айылдын, шаардын жашоочуларынын санына жараша делегаттар шайланат.

Жыйында Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү жер-жерлерде Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү жана уюштуруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутуу, түшүндүрүү жана коомчулукка маалымдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, жергиликтүү курултайга делегаттарды аймактардын этностук өзгөчүлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо менен шайлоо тууралуу сунуштар айтылды.

Мамлекеттик катчы — Биринчи Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын кынтыксыз аткарууну жана иш-чаранын идеологиялык мааниси чоң экендигин кошумчалады.

Жыйын соңунда Биринчи Элдик Курултайды уюштуруунун алкагында тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына протоколдук тапшырмалар берилди.

Эске салсак, «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» КР президентинин Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында Биринчи Элдик Курултай өтөрү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий