• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү "Глобалдык эмдөө үчүн аракеттерди күчөтүү" аттуу дебатка катышты

Коом 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-февралында БУУнун Башкы ассамблеясында «Глобалдык эмдөө үчүн аракеттерди күчөтүү» темасындагы жогорку деңгээлдеги тематикалык дебаттар гибрид форматында болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 120дан ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана саламаттык сактоо боюнча эксперттер, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, БУУнун Азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле иш-чарага БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын төрагасы А.Шахид, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Төрагасы Коллен В.Келапиле, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус катышып, мүчө мамлекеттерге глобалдык вакцинация боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү өз кайрылуусунда COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасынын төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири болуп калганын жана саламаттык сактоо системасы үчүн олуттуу сыноо бойдон калганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргызстанда мурда COVID-19га каршы алгачкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн бардык жарандарга бустердик доза менен эмдөө жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык кызыкдар тараптарды COVID-19 пандемиясына каршы туруу үчүн илимий изилдөө демилгелерине көмөктөшүүгө, инновацияларга жетүү жолдорун кеңейтүүгө, технологиялар жана билим менен бөлүшүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий