• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жол кире акысын накталай кабыл алган автобус, троллейбус айдоочулары иштен алынат

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкекте жол кире акысын накталай кабыл алган автобус, троллейбус айдоочулары иштен алынат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жүргүнчүлөр жол кирени тулпар транспорттук карталары, виза, элкарт банк карталары, ошондой эле «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери менен төлөй алат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.

"Айдоочулар жол кире үчүн накталай эмес төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөрдү 0502 205-202 номери аркылуу кайрылууну суранабыз. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек", - деп белгилешти мэриядан.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-августунан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү акысын накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок жүргүнчүлөр муниципалдык каттамдардын айдоочулары накталай төлөм алып жатканын, транспорт же банк картасы же валидатор иштебей калганын, андан кийин накталай акча менен төлөөнү сунуштап жатышканын байма-бай билдиришет, бирок бул мыйзамдуу эмес.

Белгиленгендей, автобус жана троллейбус айдоочуларына карата жол кирени накталай кабыл алуу үчүн катуу чаралар көрүлөт (иштен бошотулганга чейин).

Пикир

Оставить комментарий