• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош менен Тараз шаарлары өз ара кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Казакстандын Тараз шаарынын мэриясынын акиминин орун басары Дауир Даулетов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө Марс Исаев Ош шаарынын 3 миңден ашуун тарыхы бар Ош жөнүндө кыскача баяндап, Ош шаарынын мэриясы казак тарап менен келечектүү долбоорлорду түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Дауир Даулетов кыргыз-казак бир тууган калк экенин белгилеп, 2 миң жылдык тарыхы бар Тараз менен Ош шаары ортосунда достукту бекемдөө, өз ара мамилелерди чыңдоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү ниетин билдирип, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий