• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Криштиану Роналду Италияда дарыланган кыргыз кыздан кабар алды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналду Италиянын Турин шаарында рак менен ооруп дарыланып жаткан кыргызстандык кыздан кабар алган. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери Дамира Байзакова өзүнүн интернеттеги баракчасында жазды.

“Бул Кыргызстандан келген кыз Юна, сөөктөрү ооруйт. Жакында эле ал Улуттук борбордо химиотерапия алып, кийин Италияга дарыланууга жиберилген. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү. Кыргыз балдарына көп жылдан бери жардам берип келе жаткан Родней Седдон аттуу адамга таазим. Ошол киши баардык дарылануунун акчасын төлөгөн. Дарыгерлер Раймондо Пиана, Себастян, Николло Роттелерге жана балдардын куратору болгон Олександре Вакулеге да терең таазим. Биздин балдарды “Ювентус” командасынын футболчулары көрүүгө келишкен. Юнаны бир нече белгилүү футболчулар, анын ичинде Криштиану Роналду жубайы менен келип көрүп, абалынан кабар алды”, - деп жазган Дамира Байзакова.

“Ошол эле ооруканада дарылган Нурпазыл аттуу кыргызстандык баланы Турин шаарынын полиция кызматкерлери келип көрүп, белектерди беришкен. Биздин балдардын ден соолугу жакшы”, - деп билдирген дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий