• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдарбеков Норвегиянын Юстиция министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегия Королдугунун Юстиция, коомдук коопсуздук жана иммиграция министри Тором Микель Вара менен жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы укуктук-келишимдик базаны кеңейтүүнү талкуулашты.

Ведомствонун басма сөз кызматынын кабарлагандай, жолугушуу маалында тараптар Кыргызстан менен Норвегиянын ортосундагы коопсуздук жана миграция чөйрөсүндөгү укуктук-келишимдик базаны кеңейтүүнү талкуулашкан. Атап айтканда дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визаларды алып салуу боюнча Келишимдин долбоорлорун, Кыргызстандын жана Норвегиянын өкмөттөрү ортосундагы келишимдерди сөз кылышкан.

Министрлер талкууланган эки жактуу келишимдерге кол коюу, миграция, коомдук коопуздук жана ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экендигин белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий