• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Генерал Чотбаев: Коргоо министрлигинин кайра түзүлүшү эл аралык мамилеге оң таасир этет

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Коргоо министрлигинин кайра түзүлүшү эл аралык мамилелерге оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине запастагы генерал-полковник, КР Улуттук гвардиясынын биринчи команда берүүчүсү Абдыгул Чотбаев билдирди.

Анын айтымында, Коргоо министрлигин кайрадан түзүү эң зарыл жана өз убагында кабыл алынган чечим. “Ооба орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт, Башкы штаб жүргүзүп келген мурдагы иштерди эми Коргоо министрлиги жүргүзө баштайт. Бирок, бул жерде бир учур бар – КМШнын бардык өлкөлөрүндө Коргоо министрлиги бар, а бизде жок. Башкы штаб Коргоо министрлигине баш иет деп түзүлгөн, бизде орун басар башчыдан жогору турган кызмат пайда болду. Эми аны кайрадан түзүүнү көздөшүүдө. Мен бул эң туура деп ойлойм”,- дейт Чотбаев.

Ал белгилегендей, ушуга байланыштуу эл аралык аренада айрым “түшүнбөстүктөр” пайда болду. Мисалы, бардык өлкөлөрдөн Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына коргоо министрлери катышат, а бизден Башкы штабдын башчысы барат. “Бул кээ бир түшүнбөстүктөрдү пайда кылган. Анткени, бизде ШКУ, ЖККУ менен эл аралык келишимдер жана нормативдик-укуктук актылар бар, анда коргоо министринин өзү айтылган. Ведомствону кайра түзүү эл аралык мамилелерге оң таасир этет”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, президент “КР Куралдуу күчтөр башкармалыгы системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар тууралуу” жарлык чыгарган.

Президенттин жарлыгына ылайык, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий