• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Генерал Талант Исаев кызматтан кетүү арызын жазды

Коом 0

Бишкек, 03.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп айыпталып жаткан Канат Исаевдин агасы – генерал Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов тастыктады.

Сейитовдун айтымына караганда, Исаев кызматтан кетүү арызын кечээ, 2-октябрда жазган.

“Отставканы премьер-министр Сапар Исаков кабыл алды. Талантбек Исаевдин ордуна Улан Асанов дайындалды”,-деди ал.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев укук коргоо органдары тарабынан 30-сентябрда “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен кармалган.

Пикир

Оставить комментарий