• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германиядан грант алып берем деген. Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын апрелинде Э.К.аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Х.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Шектүү арыз ээсинин ишеничине кирип, акчаңды эки эсе көбөйтүп, Германиядан грант алып берем деп 230 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Окуя 2022-жылдын июль айында болгон.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип 1966-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргзилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий