• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Граждандык кодекске жана “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам электрондук тооруктарды (электрондук соода) өткөрүү аркылуу карызкорлордун мүлкүн сатуу жол-жоболорун киргизүү бөлүгүндө толуктап иштеп чыгуу жана аткаруу өндүрүшүн өркүндөтүү максатында иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 10-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 408-беренесине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу процессинде өткөрүлүүчү сооданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

Ошондой эле бул Мыйзам менен “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 17, 18, 74, 78, 80-85-статьяларына өзгөртүүлөр киргизилет, аларга ылайык аткаруу документтерин мажбурлап аткартууну камсыз кылуу, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнө катышкан мамлекеттик бийлик органдары, уюмдар, жактар менен электрондук түрдөгү маалыматты, электрондук документтерди алмашуу максатында сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын жана башка мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонот.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык аткаруу документи тиешелүү актыны кабыл алган судья же кызмат адамы кол койгон, юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук кол менен ырасталган электрондук документ формасында берилиши мүмкүн.

Мындан тышкары электрондук тооруктарды (электрондук соода) өткөрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучу электрондук тооруктарды “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ачык аукцион формасында өткөрөт.

Ошондой эле мүлктүн аукциону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук соода аянтчасында бир күн бою өткөрүлөт.

Аталган Мыйзам 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий