• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония Кыргызстанга аэронавигациялык жабдууларды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Япон аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) атынан “Манас” аэропортуна 15 млн. АКШ долларга аэронавигациялык жабдууларды тапшырылды.

Техниканы берүү аземи бүгүн болду. Жабыдуулар JICA менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы гранттык келишимдин алкагында берилди. Жардамдын жалпы суммасы 1 млрд. 489 млн. 346 япон йени (15 млн. доллар) деп бааланууда.

Ошондой эле жабдууларды тапшыруу расмий салтанатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.

Премьер-министр Япония Өкмөтүнө жана JICAга өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоордун алкагында алынган техника жана жабдуулар учуулардын коопсуздугун камсыздоону жана «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну шарттай турганын белгиледи.

«Учурда Япония Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам транспорттук секторду гана эмес, өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарын: саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жааттарын да камтыйт. Япония Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы аркасында биз заманбап навигациялык жабдууларды алдык. Эми «Манас» аэропорту көрүнүүнүн төмөнкү шарттарында учуулардын жогорку коопсуздугуна кепилдик бере алат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, техникалык жакшы жабдылган «Манас» аэропорту өлкөдө ири авиациялык хабды түзүүнүн негизи болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Манас» аэропорту чет элдик авиакомпаниялар үчүн чындап ыңгайлуу жана жагымдуу өнөктөш болушу үчүн өлкөнүн аба дарбазаларын башкаруу принциптерин реформалоо боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.

«Потенциялы кеңири колгон «Манас» аэропорту өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусу керек. Ал заманбап жана ыңгайлуу болушу зарыл, анткени өлкөгө келген чет элдик меймандардын алгачкы пикирлери дал ушул жерден калыптанат», - басым жасады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен JICAнын ортосундагы Гранттык келишимдин негизинде «Манас» эл аралык аэропортуна жаңы аэронавигациялык жабдуулар жана атайын аэродромдук техника берилди.

Пикир

Оставить комментарий