• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Японияда 6 адам ысыктан каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Япониядагы ысыктан улам 6 адам каза болуп, 6,37 миң адам ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын жарымы 65 жаштан жогору адамдар.

Япониянын өрт өчүрүү башкармалыгы келтирген маалыматтар боюнча Токио аймагында жабыркагандар көп, ошондой эле Осака, Хёго, Саитама, Фукуока, Аити префектураларында жана Хоккайдо аралында.

Өлкөнүн метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, ысык аба ырайы жакын арада өлкөнүн аймагында сакталат. Жогорку температурага байланыштуу метеорологдор жарандарды аба муздаткычтарда колдонуп, көчөдө узак убакыт болбоого, суу ичип турууга чакырат.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий