• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын чоо-жайын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын чоо-жайын айтып берди

ИИМден белгилешкендей, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да болгон. Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган.

Жыйынтыгында 14 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

"Баткен райондук ИИБнин башчысы Аскарбек Ашыралиевдин буйругу менен райондук милициянын өздүк курамы окуяны жөнгө салуу үчүн тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Болжол менен 19:30да кырдаал курчуп, тараптардын бири курал колдонгон. Жабыркагандар Баткендин ооруканасына жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий