• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлигинде эл аралык эксперттер менен жолугушуу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрында Ички иштер министрлигинин имаратында ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун эл аралык эксперт Данил Барбу жана Данил Анатолийлер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Сталбек Рахманов, Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сүйүнбек Ниязбеков, Интерпол улуттук борбордук бюросунун начальниги, милициянын полковниги Нурлан Сагыналиевдер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, эл аралык эксперттер Молдова Республикасынын Ички иштер министрлигинде сыналган "Уюштуруучулук жана функционалдык анализ жүргүзүү" деген темада презентация көрсөтүштү.

Октябрь Урмамбетов жолугушууну жыйынтыктап жатып бүгүнкү жолугушуу эки тараптын кызматташтыгынын мындан ары өнүгүшүнө жаңы импульс берерин баса белгилеп, КР Ички иштер министрлиги баардык багыттар боюнча иш алып барууга даярд экенин билдирди.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий