• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Академиясында милиция менен калктын ортосундагы кызматташууну бекемдеген борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында ички иштер органдарынын калк менен байланышы жана кызматташуусу борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы борбордун базасында “Ички иштер органдарынын калк менен кызматташуусу, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка, ошондой эле балдарга карата зомбулукка бөгөт коюунун актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуусун эске алып, укук коргоо органдарын реформалоо биринчи кезекте мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жана мамлекеттик институттарга карата элдин ишенимин калыбына келтирүүгө багытталуусу тийиш экендигин белгиледи.

Урмамбетов эл аралык “Сейферворлд” уюмунун өкүлдөрүнө борборду жабдууда көрсөткөн техникалык колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тегерек столдун жүрүшүндө укук коргоо темасында айрыкча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча укуктук негиздеги презентациялар жана атайын роликтер да көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий