• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусу менен ЮНИСЕФтин ортосунда иш-аракеттер планы макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Баткен облусу менен ЮНИСЕФтин ортосунда иш-аракеттер планы макулдашылды. Маселе президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло менен жолугушуусунда талкууланды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда ЮНИСЕФ менен Баткен облусунун кызматташтыгынын алкагында жасалган иш аракеттердин натыйжалары тууралуу сөз болуп, 2025-жылга чейинки кызматташуу планы талкууланды.

Тараптар макулдашылган пландарга ылайык, 2025-жылга чейинки аралыкта, кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.

Оорунун алдын алуунун негизги жолу эмдөө болгондуктан, эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдешет. Бул багытта 186 саламаттыкты сактоо кызматкерлер окутуудан өтүп, 5 мобилдик топ түзүлүп, иш алып барат.

Ал эми билим берүү тармагы боюнча, 2024-жылдын июнь айына чейин 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтөт.

Бүгүн ЮНИСЕФтин өкүлдөрү Баткен облустук Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вакциналарды сактоочу жайында, жаңы муздаткыч бөлмөнү орнотууну аяктады. Бул бөлмө облуста вакциналарды сактоону жана жайылтууну жакшыртат.

Белгилей кетсек, Юнисеф уюму Баткен облусунун аймагында балдардын коопсуздугу, билим берүү, туура тамактануу боюнча иш алып барып келет.

Мугалимдерди окутуу, мектеп жана бала бакчаларды гигеналык каражатар, өрткө каршы шаймандар менен камсыздоо, ажаткана, канализация куруу, жана кол кургатуучу санитайзерлерди куруу иштери аткарылган.

Былтыр 19 мектепке 164 компьютер берилип, 34 китепканага эрте өнүктүрүү борборлору ачылып, жабдуулар менен камсыздаган.

Пикир

Оставить комментарий