• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Милициянын көчмө кабылдамасынын Кыргызстанда иштеп жаткан он жыл аралыгында өзүн калкка укуктук жактан жардам көрсөтүү боюнча натыйжалуулугун көрсөтүп жатат, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМден билдиришкендей, алыскы аймактарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлгөн милициянын көчмө кабылдамасы калк менен ишенимдүү мамилени бекемдеп, алдын алуу иштеринде натыйжалуулугун көрсөтүп, анын жардамы менен кылмыштуулуктун саны азайганы байкалууда.

Анализ көрсөткөндөй, милициянын көчмө кабылдамасына кайрылгандардын 90 пайызы социалдык маселелерге байланышкан. Ошондуктан, кабылдаманын иши социалдык багытта иш алып барып, экипаждын курамына атайын даярдыктан өткөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү менен жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунан сырткары, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери бар.

Калк менен жолугушуу учурунда алар жарандардын бардык кайрылууларын атайын журналга каттап гана койбостон, юридикалык кеңеш дагы беришет.

"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал маалында милициянын көчмө кабылдамасы республиканын жашоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланылды. Бул атайын автоунаалар менен калк жыш жайгашкан жерлерде, жарандарга санитардык-гигиеналык эрежелерди, коргонуу чараларын, социалдык аралыкты сактоо жөнүндө маалыматтар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, милициянын көчмө кабылдамасы жайкы туристтик маалда, маданий-массалык иш-чаралар учурунда ишке тартылат. Бүгүнкү күнү республиканын аймагында 33 милициянын көчмө кабылдамасы бар. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишин онлайн режимде көзөмөлдөө үчүн атайын автоунаалар радиобайланыштар, видеокамералар, GPS жабдыктары менен камсыздалган.

“Бир нече жылдардан бери милициянын көчмө кабылдамалары милиция кызматкерлерине кылмыштуулук менен күрөшүүгө жардам берүүдө. Жеринен арыздарды кабыл алышып, укук бузуулардын жасалышына бөгөт коюуга жана кылмышкерлерди кармоого шарт түзүүдө. Аталган кабылдамада телефондор бар жана аны пайдалануу менен жарандар акысыз чалууга болот. Эң башкысы бул унаалар менен милиционерлер алыскы жайгашкан жерлердеги жашоочуларга жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. ЕККУнун колдоосу менен республика боюнча 33 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө”, - деп милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын алдында Милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг борбору түзүлгөн.

"Анда көчмө кабылдамасынын иши, мурдатан түзүлгөн графиктин негизинде чыгуулары, каттамы, токтоочу жайлары, күйүүчү майлардын чыгымы толук көзөмөлдөнөт. Азыркы учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен ар бир автоунаага бир ай үчүн 250 литр күйүүчү май бөлүнүп берилип жатат. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу үчүн март жана апрель айларына Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан республиканын ИИОнун милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасынын ар бирине 400 литрден күйүүчү май бөлүндү. 2019-жылдын ичинде жалпы республика боюнча 3 миң 112 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып, 8 миң 240 жаранга кызмат көрсөтүп, 2 миң 951 кайрылууларды жана арыздарды, анын ичинен коопсуздукка байланышкан 684 кайрылууларды жана арыздарды кабыл алышкан. Ал эми 2020-жылдан баштап азыркы күнгө чейин жалпы республика боюнча 9 миң 913 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып, 11 миң 517 жаранга кызмат көрсөтүп, 9 миң 500 кайрылууларды жана арыздар каралып, анын ичинен коопсуздукка байланышкан 4 миң 701 кайрылууларды жана арыздарды кабыл алышкан.

Милициянын көчмө кабылдамасы ЕККУнун “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта түзүлгөн. 2018-жылдан 2020-жыл аралыгында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан 13 автоунаа, анын ичинен 4 "Volkswagen Transporter" үлгүсүндөгү автоунаа, 6 "Toyoto Hayas" үлгүсүндөгү, 3 "Соболь" үлгүсүндөгү автоунааны Нарын, Чүй, Ысык-көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарыннын ИИБне тапшырылган”, - деп маалымдады Ш. Мамыров.

Пикир

Оставить комментарий