• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын жараны, “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР ИИМдин басма сөз кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майда Бишкекте жоголгон. Милиция "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

"Сапат" билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялады. Сый акы берилген маалыматка жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий