• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Патрулдук милициясынын жетекчилиги алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР ИИМ Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп Каныбек Жумашалиев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жалпы жамаатка тааныштырды.

Жумашалиев милициянын полковниги наамын алган.

Эске сала кетсек, мурда аталган кызматта Эркин Баев иштеген.

Жумашалиев Каныбек Керимбаевич – милициянын полковниги. 1965-жылдын 5-декабрында туулган. Ички иштер кызматында кызмат өтөп жүргөндө бир катар ведомстволук медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий