• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, майрамга карата ИИМ “Сыйлоо жөнүндө” буйрук чыгарып, республика боюнча радио жана телевидениенин 100 өкүлүн сыйлады.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бүгүнкү кесиптик майрамдын ээлерин чын жүрөктөн куттуктайт! Кыргыз телевидениеси менен радиосу биздин улуттук маданияттын бир бөлүгү болуп калган өзүнүн тарыхына ээ. Бүгүнкү күндө сиздерсиз жашообузду элестетүү кыйын. Сиздердин кесиптик майрамдарыңызга карата чыгармачыл ийгиликтерди, ден соолукту жана үй-бүлөңүздөргө бейкуттукту каалап кетмекчибиз", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий