• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ : Өткөн аптада 2 миңден ашык кылмыштар жана окуялар катталды.

Укук тартиби 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Өткөн аптада 2 миңден ашык кылмыштар жана окуялар катталды деп билдирди КР ИИМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, ички иштер органдары тарабынан кылмыштар жана окуялар тууралуу билдирүүлөргө ыкчам жооп берилди.

20-26-февраль аралыгында КР ИИМдин Ыкчам жооп берүү борбору тарабынан республика боюнча 2 миң 218 кылмыштар жана окуялар катталган. Анын 1 миң 838и жеке мүнөздө болгон. Кылмыш иликтөө жаатындагы 588 кылмыштын 350сү ачылган. Анын 105и изи суубай аныкталган. Мындан тышкары, мурда жасалган 165 кылмыштын да бети ачылган.

Ошентип, өткөн аптада 26 тоноо, 3 денеге залал келтирүү, 12 зордуктоо, 226 алдамчылык, 75 уурдоо, 2 мал уурулук, 5 машина уурулук фактыларынын бети ачылган. Милиция кызматкерлери ошондой эле 9 кг. 425 гр баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныктады, анын 2 кг.790 граммы героин.

Пикир

Оставить комментарий