• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-марттан баштап паспорт алуу үчүн «форма-1» электрондук формадага гана толтурулат – МКК

Коом 0


Бишкек, 27-февраль /Кабар/. 2017-жылы 1-марттан баштап паспорт алуу үчүн жарандар “форма-1ди” электрондук формада гана толтурушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) калкты жана жарандык актыны каттоо департаментинин директору Махабат Пратова билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан бери жарандык актыны каттоонун автоматташтырылган системасы боюнча 7 түрү электрондук вариантка өткөн.

“1-марттан баштап паспорт алуу үчүн кагаз түрүндө “форма-1ди” толтуруудан баш тартабыз. Эми паспорт алууну көздөгөн жарандар аталган форманы электрондук түрдө толтурушу керек. Объективдүү себептер менен форманы толтура албаган жана паспорт столго келе албаган жарандардын үйлөрүнө арыздары боюнча паспорт столдун кызматкерлери барышып, форма-1ди кагаз түрүндө толтурушат”,-деди ал.

Ошондой эле, М.Пратова 2017-жылдын апрель айынан тартып туулгандыгы, никеге туруу жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн жаңы бланкалары киргизилет деп кошумчалады.

“Күбөлүктүн жаңы форматы элекрондук түрдө толтурулат. Аталган система көрсөтүлгөн документтерди берүүгө мүмкүндүгү бар бардык айыл өкмөттөрүн камтыйт”,-деди М.Пратова.

Пикир

Оставить комментарий