• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 3 миң үй-бүлө акысыз жана арзан баада көмүр менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Баткен облусунда 3 миң үй-бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк 74% көмүр менен камсыздалган. Тагыраагы 72 миң 465 тонна көмүр ташылган.

Бул багытта облустун район-шаар, айыл өкмөттөрү көмүр кендери менен түзгөн келишимдердин алкагында элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында, жер жерлерге көмүр жеткирүү иштерин жүргүзүп келет.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облус боюнча 2 миң 994 аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 1 миң 660 тонна көмүр акысыз жана эң арзан баада берилди.

Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен президенттин Баткен облусундагы өкулчүлүгү биргеликте калктын аярлуу катмарына жана чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга тоннасы 5 миң сомдон болгон Сүлүктү кендеринин көмүрү жеткирилүүдө.

Бүгүнкү күнгө “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте облус калкына 1000 тонна көмүр жеткирилген.

Аймактарда көмүрдүн баасы сортуна жана жол чыгымдарын эсепке алганда ар бир райондо орточо 7 миң 500 сомдон 9 миң сомго чейин сатылууда жана терилген жогорку сапаттагы көмүр 9-12 миң сомдон сатылат. Бул баа монополияга каршы жөнгө салуу мекемеси тарабынан бекитилген. Бааны негизсиз көтөргөн жарандарга тийиштүү мекемелер тарабынан чара көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, облустун билим берүү тармагына 14,6 миң тонна, саламаттыкты сактоо тармагына 2,4 миң тонна көмүр керектелет. Бул тармактарда көмүр маселеси толугу менен чечилип, акча каражаттары которулуп берилген.

Пикир

Оставить комментарий