• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Технополис долбоорун ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополистин түзүлүшү 15 миңге жакын жумушчу орундун түзүлүшүнө мүмкүндүк берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында «Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде белгилүү болду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү жана продукциясын эккспорттоо, калкты жумуш менен камсыздоо жана кошумча жумуш ордун түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополистин долбооруна өндүрүштүк тилке бөлүү маселеси дээрлик чечилген.

«Текстилдик жана тигүү өндүрүшү атамекендик экономиканын ири тармагы болуп саналат. Текстилдик жана тигүү өндүрүшүнүн өлкөнүн өндүрүштүк көлөмүндөгү салыштырма салмагы 3% ашуун. Аталган тармак социалдык багытталган жана жумушчу күчүн пайдалануу жаатында ресурсу күчтүү саналат. Бүгүнкү күндө тармакта 150 миңден ашуун адам эмгектенет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал кошумчалагандай, «Кыргызстанда жасалган» белгиси бар продукция коңшу мамалекеттерде жогорку сапаты жана жеткиликтүү баасы үчүн керектөөчүлөрдүн талабына көбүрөөк ээ болууда.

Кеңешмеде «Легпром» Ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов эскерткендей, текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн технополисти түзүү тууралуу демилге биринчи кезекте атамекендик жеңил өнөр жайын жана экспортко багытталган ишканаларды колдоого багытталган. Бул дагы «Кыргызстанда жасалган» бренди бар атамекендик ишканалардын продукциясына карата тышкы гана эмес, ички рыноктун муктаждыгын канаттандырууга мүмкүндүк берет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бул багыттагы ишти күчтөндүрүү жана «Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» долбоорун ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.

Эскертсек, 2016-жылдын октябрь айында Өкмөт «Легпромдун» «Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу тууралуу демилгесин колдоого алган. Тийиштүү министрлик жана ведомстволорго аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий