• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мухамметкалый Абулгазиев Нарында бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жергиликтүү тургундарды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, окуучуларга компьютердик жабдууларды тапшырды.

Мектептин жаңы имараты Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында да ачылды. 225 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна 49 млн сом жумшалып, «Жерүй» тарабынан каржыланды.

Биринчи вице-премьер-министр аймактардагы социалдык имараттарды курууда анын сапатына өзгөчө көңүл бурууну эскертти.

«Айрым ишканалар курулушка кош көңүл мамиле жасагандыктан 10 жылга жетпей жарактан чыгып калууда. Андыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулушка жооптуу болгон компаниялар өзгөчө имараттын сапатына жана анда ашкана, даараткана, спорт зал курулуп, бардык талаптарга жооп берүүсүн өзгөчө көзөмөлгө алгыла»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Андан соң Мухамметкалый Абулгазиев Нарын шаардык С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилиген олимпиадалык резервиндеги балдар спорт мектебинин жаңы имаратынын чылышына барды. Спорт мектептин эски имараты 1958-жылы курулган. Эки кабаттуу спорт мектептин залы 300 бала ылайыкталган. Учурда 8 жаштан жогору 260 бала машыгууда.

Соңунда Биринчи вице-премьер-министр Ат-Башы районунун «Аэропорт» аймагындагы бажы логистикалык борборунун жер тилкесин көрдү. Жер тилкесинин жалпы аянты 200 гектарды түзүп, «Торугарт» өткөрмө пунктунан 110 км алыстыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий