• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарынын аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Баткен шаарынын аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБнин кызматкерлери учурдагы эпидемиологиялык абалга карата жарандардын коопсуздугун сактоо максатында Баткен шаарынын аймагында маршруттук топторго бөлүнүп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көчөдө жүргөн жарандарга Баткен шаардык милициясынын кызматкерлери санитардык эрежелерди сактоону талап кылып, беткаптарды таратууда.

Учурда шаарда мэрия тарабынан уруксат берилген унаа жуучу жайлар, унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөр, чач тарачтар, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий