• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Ысык-Көл жана Нарын облустарында өзгөчө абалдын шартында чектелген карантин эрежелерин жана үй карантинин бузган фактылар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл жана Нарын облустарында өзгөчө абалдын шартында чектелген иш-чаралардын (карантин) эрежелерин жана үй карантинин бузган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдары карантин учурунда күнүнө аткарган тапшырмалардын бири - бул жарандар менен уюмдардын карантиндик чараларды аткаруусун текшерүү. Өлкөдө “Өзгөчө кырдаал” жана “Өзгөчө абал” режими киргизилгенден кийин милиция кызматкерлери күнү-түнү коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөөгө багытталган зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүдө.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзгөчө же аскердик абалдын шартында чектелген иш-чаралардын (карантин) талаптарын бузгандарга карата катуу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Карантин жарыялангандан баштап, өзгөчө же аскердик абалдын шартында чектелген иш-чаралардын (карантин) талаптарын бузган Ысык-Көл облусунун аймагында 2 факты, ал эми Нарын облусунда 4 факты катталды.

6-апрель күнү Каракол шаарынын жашоочусу Ш.К. өзүн-өзү обочолоо режимин бузган. Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесинин 1-бөлүмү (Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу-карантин) менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жаран Ш.К. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат.

Андан сырткары, 2020-жылдын 19-апрель күнү Каракол шаарынын тургуну С.Н. үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп үйдүн сыртында “Карантин” деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп качып кетүүгɵ аракет жасагандыгы аныкталган. Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесинин 1-бөлүмү (Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу - карантин) менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жаран С.Н. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат.

Ошондой эле карантин жарыялангандан баштап, өзгөчө абалдын шартында чектелген иш-чаралардын (карантин) эрежелерин бузган Нарын облусунда жогорудагыдай 4 факты аныкталды. Бузган жарандардын бардыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары болушат. 30-март күнү айрым маалыматтык агенттиктерде “Индиядан келген эки жаран алдоо жолу менен санитардык-эпидемиологиялык посттон өтүп, айылга кирип барышкан” деген маалымат жарык көргөн. Аталган маалымат боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы тиешелүү материалды Ата-башы РИИБине тапшырган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын эки жаранынын өздүгү такталып, алар 1977-жылы туулган М.К., 1971-жылы туулган И.Т. аттуу Ата-Башы районунун жашоочулары болуп чыгышкан. Текшерүү көрсөткөндөй, алар Индиядан Кыргызстанга давааттан соң келишкен. Кыргызстанга келгенден кийин аларды обсервацияга жаткырышкан. Алардан алынган анализ терс жыйынтык көрсөткөндүктөн, аларды үй шартындагы карантинге коё беришкен. Өзүн-өзү обочолоо жөнүндө тил кат бергендерине карабастан жарандар М.К. менен И.Т. үй шартындагы карантинди бузушуп, даваат менен алектенүүлөрүн уланта беришкен.

Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренесинин 1-бөлүмү (Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу-карантин) менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жарандар М.К. менен И.Т. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазаларын алат.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча Каракол ШИИБи менен Ат-Башы РИИБинин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет, өзгөчө же аскердик абалдын шартында чектелген иш-чаралардын эрежелерин бузгандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык I жана II категориядагы (20 миң сомдон 60 миңге чейин) айып пул төлөө жоопкерчилиги бекитилген. Үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

“Урматуу жарандар, эгерде Сизди үй шартындагы карантинге чектеген болсо, тартип бузбаңыз. Биринчиден жоопкерчилик каралган, экинчиден сиз жакындарыңыздын, башка жарандардын ден соолугуна кооптуу жагдайларды жаратып жатканыңызды абдан жакшы билишиңиз керек. Сиз мыйзамдын талаптарын, дарыгерлердин койгон талаптарын кынтыксыз аткарууну эске алуу менен Кыргызстандан коронавирус илдетинен тез сакайып чыгыпкетишибизге салым кошо турганыңызды унутпооңузду суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий