• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМден Башкы прокуратурага Элтуйбасовдун иши тууралуу эч кандай кагаздар келген эмес

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинен Башкы прокуратурага Калыбек Элтуйбасовдун иши тууралуу эч кандай иш кагаздар келген эмес. Бул тууралуу Бишкектеги тегерек столдун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жана тергөө Башкармалыгынын улук прокурору Азат Токтосунов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстандын АКШ менен тиешелүү келишими жок болгондуктан маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу тергөө ишине тоскоолдуктарды жараткан Элтуйбасовду Кыргызстанга депортация кыла алышпайт.

“Ал миграциялык мыйзамды бузган. Интерполдун маалыматына ылайык, учурда териштирүүлөр жүрүүдө. КРнын ИИМнен эч кандай документтер Башкы прокуратурага келген эмес”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий