• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин “Барс” ыкчам чара көрүү атайын отрядынын 26 жылдык мааракеси өттү

Коом 0

Бишкек, 26.02.18 /Каьар/. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын “Барс” ыкчам чара көрүү атайын отрядынын 26 жылдык мааракесине арналган атайын иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.Асанов, Жогорку Кенештин депутаты Кубанычбек Нурматов, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, «Барс» ыкчам чара көрүү атайын отрядынын командири, милициянын полковниги Б.Матмусаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын башчылары, ардагерлер, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары жана өздүк курам катышты.
Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң келген коноктор кызмат учурунда эрдик көрсөтүп курман болгон кызматкерлерге арналып тургузулган Даңк Мемориалына гүл чамбар коюп, баатырларыбызды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.Асанов: “Урматтуу ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери жана ардагерлер!!!
Баарыңыздарды бүгүнкү Атайын багыттагы отряддын түзүлгөндүгүнүн 26 жылдык мааракеси менен ИИМдин жетекчилигинин жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын.
Кыргыз милициясынын тутумунда Тез чара көрүүчү атайын отряддын ээлеген орду өзгөчө мааниге ээ экендиги жалпыга маалым. Анткени бул отрядда кызмат өтөө ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу болуп, анда чыныгы эр жүрөк атуулдар гана кызмат өтөй алат десем жаңылышпайм. Кандай гана кырдаалдар, коркунучтуу жагдайлар болбосун, атайын багыттагы кызматкерлер баардыгына шайма-шай даяр болуп турушат. Бул багыттын кызматкерлери өзгөчө спорт менен жакын мамиледе болууга тийиш. Спорт бул ден соолукта, шамдагай болуп, кызматкер өз жумушун так аткарат. Эң негизгиси спорт менен акыл айкалышканда кандай гана учур болбосун кызматкер же жетекчи, ыкчам жана туура чечимди кабыл алат.
Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү күңдө милицияга бериле турган эң жогорку баа – бул элдин ишеними. Атайын багыттын кызматкерлери мындай ишенимге ар дайым ээ болот деп айтсам жаңылышпайм.
Өздөрүнүн кызматтык милдетин ак ниеттен аткарып жатып, жергебизде тынчтык, туруктуулук болуусу үчүн ондогон кызматкерлерибиз баатырларча курман болгон. Ал кызматкерлердин аты Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, алардын жаркын элеси ар бир кызматкердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет деген ишеничтемин. Учурдан пайдаланып, ушундай эр-азамат, тайманбас баатырларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, үй-бүлөлөрүнө терең ыраазычылык билдирип, таазим кылабыз»- деп өз сөзүндө белгиледи.
1992-жылдын 26-февраль күнү өзгөчө багыттагы милициянын отрядынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы милициянын отряды түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2006-жылдын 7-сентябрындагы буйругу менен атайын багыттагы милициянын отряды Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам чара көрүү атайын багыттагы отряды түзүлгөн. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам чара көрүү атайын багыттагы отряды Криминалдык милиция кызматынын курамындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Барс” ыкчам чара көрүү атайын отряды болуп түзүлгөн.
Кесиптик майрамына байланыштуу ИИМдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын “Барс” ыкчам чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлери жана офицерлери сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын “Барс” ыкчам чара көрүү атайын отрядынын өздүк курамы кесипкөйлүк, кайраттуулук, кызматына болгон берилгендик менен калыптанган салтын улантуу аркылуу ИИМдин бөлүмдөрүнүн арасында беделдүү түзүмдөрдөн болуп кала берет.

Пикир

Оставить комментарий