• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин кызматкерлери дайынсыз жоголгон 14 өспүрүмдү табышты

Коом 0

Бишкек, 26.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. “Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы” алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 14 өспүрүм табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жоголгондорду издөө иштери коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте ата-энелердин жана туугандарынын билдирүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн.

Рейд республика боюнча 2017-жылдын 18-октябрынан 20-октябрга чейин өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, рейддин алкагында соода-рыноктук комплекстер, бекеттер, жер төлөө-чатырлар, имараттар, түнкүсүн компьютердик клубдар, кафелер, букмекердик кеңселер жана башка жашы жете электер топтолуучу жайлар текшерилди.

Жыйынтыгында 439 жашы жете элек аныкталып, ИИБге жеткирилди.

Алардын ичинен 69у ИИМдин Жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилип, 52си ИИБ каттоосуна алынып, калгандары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн кийин ата-энелерине же алар менен алектенген адамдарга өткөрүлүп берилди.

Алдын алуу чаралары түнкүсүн кароосуз жүргөн жашы жете электер кылмыштардын курмандыгы болбошу үчүн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий